«БӨУ академиясы» үчүн 2021-жыл жигердүү болот

«БӨУ академиясы» үчүн 2021-жыл жигердүү болот

Жарандык демилгелер борбору Жарандык демилгелерди колдоо борбору менен биргеликте «Бейөкмөт уюмдар академиясы» аттуу социалдык долбоорду ишке ашырууда. Демилгелүү топ өкүлдөрүнүн маалыматында, өткөн жыл «Бейөкмөт уюмдар академиясы» үчүн пилоттук мезгил болду. Ал эми алдыдагы убакытта өнөктөштөрдүн жардамы менен долбоор кыйла динамикалуу болот. Айрыкча БӨУды окутууга өзгөчө көңүл бурулат. Анын ичинде казак тилдүү уюмдарга басым жасалат.

Лима Диас, «Жарандык демилгелерди колдоо борбору» КЕАК башкарма төрагасы:

- Быйыл жарандык тармактагы билим берүү кызматтарынын муктаждыгын изилдөө башталды, анын натыйжалары боюнча окутуу программалары жана окуу комплекстери иштелип чыгат. Кийинчерээк бул окуу программалары БӨУ Академиясынын базасында калат. Биз 2021-жылы бери дегенде 800 бейөкмөт уюмду 8 темада курстар жана жайкы мектептерден өткөрүүнү көздөп жатабыз. Окутуунун онлайн форматтарынын жардамы менен БӨУ Академиясы коомдук уюмдарды, анын ичинде өлкөнүн аймактарын камтыйт. Атап айтканда, өз ишин казак тилинде жүргүзгөн БӨУларга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени казак тилдүү уюмдар педагогикалык колдоого көбүрөөк муктаж.

«Жарандык коомду өнүктүрүүдөгү илимдин ролу» онлайн конференциясында сүйлөп жатып Лима Диас, иш-чара катышуучулардын пикири боюнча бейөкмөт уюмдар секторунун учурдагы абалын көрүүгө жана алардын үзгүлтүксүз билим берүү системасын өркүндөтүү чаралары менен жолдорун биргелешип иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин белгилеп өттү. Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында өткөн иш-чара Илимпоздор күнүнүн алкагында уюштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков