Казактын улуу инсандарынын эстеликтерин жасап жүргөн кыргызстандык скульптор Тамила Маматова «Достук» ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду. Скульптордун эки элдин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы жогору бааланды. Эске сала кетсек, Тамила Маматова уулу Абайдын бюстун жасап, Көкшетау колледжине белек кылгандан кийин Казакстанга таанымал болгон. Скульптордун кийинки эмгеги Мухтар Ауэзовдун скульптурасы болмокчу. Бул эмгек Чолпон-Ата шаарындагы музейге коюлат.
Тамила Маматова, скульптор:
- Бул орден мага чоң дем берет. Абай Кунанбай уулунун эстелиги мен ойлогондой болуп чыкты. Кийинчерээк Чыңгыз Айтматов менен Таттыбүбү Турсынбаеванын бюстун жасап, адабий жыйнакты уланттым десем болот. Абай менен Ауэзов казактын улуу инсандары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков