Онкологиялык оорулардын алдын алган радиофармацевтикалык препарат өндүрүү

Онкологиялык оорулардын алдын алган радиофармацевтикалык препарат өндүрүү

Анын 4ү онкологиялык оорулардын, атап айтканда, простата безинин рагы, нейроэндокриндик патологиялар, сөөк жана муун системасынын ооруларын аныктаган дарылар. Учурда радиофармацевтикалык дары-дармектин 2 түрүн чыгаруу колго алынууда. Ал Президент Аппаратынын Медициналык борборунун ооруканасынын алдындагы ядролук медицина борбору тарабынан чыгарылат.

Алексей Цой, медицина борборунун башчысы:

- Жыл сайын 3 препараттан чыгарабыз. Быйыл дары-дармектин 2 түрү өндүрүлдү. Ошондой эле кулжа жана бугу айларында дагы 3 радиофармацевтикалык дары-дармек чыгаруу пландалууда.

Мурда казакстандыктар радиофармацевтика алуу үчүн алыскы чет мамлекеттерге барышчу.

Максат Жайымбаев, радиоизотоптук диагностика дарыгери:

- Биз бул радиофармацевтикалык каражаттарды башка өлкөлөрдөн сатып ала албайбыз. Себеби дезоксиглюкозанын жарым ажыроо мезгили 109 мүнөттү түзөт. Ар бир 109 мүнөт сайын дары 2 эсеге азайып олтурат. Алар өтө кыска мөөнөттүү дары болгондуктан, аларды ташууга мүмкүн эмес.

Келерки айда үчүнчү радиофармацевтикалык препаратты чыгаруу мерчемделүүдө. Ал диагностикалык изилдөөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Белгилей кетсек, бул Казакстанда өндүрүлгөн альтернативасы жок алгачкы дары-дармек болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков