Казакстандын борборунда цирк искусствосунун 13-эл аралык “Азия жаңырыгы” фестивалы башталды. Көптөн күткөн иш-чара, ата мекендик сүрөтчүлөр үчүн гана эмес. Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери өткөрүлбөй келген. Биздин өлкөгө 13 мамлекеттин, анын ичинде Венгриянын, Италиянын, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү келишти. Фестиваль эки программадан турат, оригиналдуу аэролисттер, виртуоз жонглёрлор, акробаттар, аркан менен сейилдөөчүлөр жана клоундар. Жалпысынан – 86 катышуучу. Кесиптин мыктыларын калыстар тобу аныктайт.
Ерик Жолжаксынов, Нур-Султан шаардык циркинин башкы директору:
- Бизде бир нече байгелер бар. Үч алтын, үч күмүш жана үч коло. Башкы байге — Гран-при. Шаар башчысынын жана көрүүчүлөрдүн тилектештигинин сыйлыктары бар. Ошондой эле конокторубуз да атайын белектерди ала келишиптир. Жогорку деңгээлде көрсөткөн бирине алар өздөрүнүн атынан тапшырышат.
Эртең Нур-Султанда чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда чоң маалымат жыйыны өтөт. Фестиваль аяк оона айынын 28не чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков