Быйыл Казакстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү тууралуу декларациянын 35 жылдыгы белгиленет. Тарыхый документ 1990-жылы тогуздун айынын 25де кабыл алынган. Көз карандысыз мамлекеттин калыптанышынын алтын казыгына айланган декларацияда Казакстандын саясий, экономикалык жана тарыхый-маданий өз алдынчалыгы, аймактык бүтүндүгү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, бардык улут өкүлдөрү үчүн тең мүмкүнчүлүктөр, саясий плюрализм, бийликтин бөлүнүшү сыяктуу өлкөнүн өнүгүүсүн айкындай турган негизги принциптер чагылдырылган. Президенттик борбордогу Республика күнүнө арналган тематикалык көргөзмө ачылды. Анда өлкөнүн тамыры терең тарткан тарыхынан баштап бүгүнкү ийгиликтерине чейинки басып өткөн жолунан кабар берген экспонаттар жайгашкан. Бул жерге келүүчүлөр алгачкы жолу 1990-жылдын тогуздун айынын 28де «Эгемен Казакстан» гезитинде жарыяланган Декларация менен тааныша алышат. Көргөзмөгө бардыгы 235 экспонат коюлган.
Айгерим Сартаева, Президенттик борбордун жетекчи серепчиси:
- Эгемендүүлүк Декларациясы көз карандысыздыктын саясий-укуктук негизин бекиткен эле. Ал жалпы эгемендүүлүктүн бардык атрибуттарын камтыды. Анын ичинде өлкөбүздүн территориясы, анын бекемдиги, улуттук теңдик, мамлекеттеги бийликтин толук кандуулугу жана көз карандысыздыгы, ички аскерди куруу укугу, өзүбүздүн бюджетибиз, каржы, насыя системасын калыпташтыруу жана өлкөбүздүн эл аралык субъект катары өзүнүн толук кандуу укугун бекиткен эле. Дагы бир маанилүү туштарынын бири – эгемен мамлекеттин символдору – герб, туу жана гимни.
Орынша Серикбай, окуучу:
- Мен бул жерден Семей полигонунун кантип жабылганын жана биздин кантип көз карандысыздык алганыбызды, алардын эрежелерин билдим. Мага бул жер абдан жакты. Көп нерселерди көрдүм. Билдим. Мага айткандары, көрсөткөндөрү абдан кызыктуу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

