Жыл аягына чейин Жамбыл облусунда 19 жаңы өндүрүш ишке киргизилет

Жыл аягына чейин Жамбыл облусунда 19 жаңы өндүрүш ишке киргизилет

19 жаңы ишкана жыл аягына чейин Жамбыл облусунда ачуу пландалууда. Жалпылап айтканда,  2027-жылга чейин аймактын салым портфели  2 жарым триллион теңгелик  70  долбоорду камтыйт. Ал эми 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул жерге 196 миллиард теңгеден ашык каражат тартылган. Жамбылдын  акими облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу мамлекет башчыга маалымат берди. Ербол Карашукеев Касым-Жомарт Токаевге курулуш, кайра иштетүү өнөр жайы, агрардык сектордогу көлөмдөрдүн динамикалуу өсүшү жөнүндө кошумчалап өттү.

Ербол Карашукеев, Жамбыл  облусунун  акими:

– Мамлекет башчыга Жамбыл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат бердим. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында облуста экономикалык өсүш камсыздалды. Облустун экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болгон айыл чарбасында туруктуу өсүш байкалууда. Биздин дыйкандар түшүмүн жыйнай башташты. Негизги өсүмдүктөрдү дүң жыйноонун болжолдуу көлөмү 2,1 млн тонна деңгээлинде күтүлүүдө. Эсептик мезгилде облустун курулуш чөйрөсүндөгү өсүш 12,3%ды түздү. Ошондой эле социалдык инфраструктуранын өнүгүшү тууралуу да айтып бердим. Мамлекет башчы аймактарды мындан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калктын кирешесинин өсүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков