Мамлекеттик менчикке кайтарылган жерлердин интерактивдүү картасы ишке киргизилди

Мамлекеттик менчикке кайтарылган жерлердин интерактивдүү картасы ишке киргизилди

Долбоорду Айыл чарба министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги биргелешип иштеп чыгышкан. Jerkarta.gharysh.kz геосервисинде мурда иштетилбеген, мамлекетке кайтарылган мыйзамсыз берилген участоктор тууралуу бардык маалыматтар камтылган. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, тургундар жер тилкесин алуу үчүн жергиликтүү аткаруу органдарына кайрылса болот. Бул көп жылдардан бери пайдаланылбай жаткан айыл чарба жерлерин жүгүртүүгө киргизүүгө, ошондой эле тургундарды айыл чарбасы үчүн керектүү аянттар менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков