Байыркы искусство – карападан буюм жасоо өнөрүн окуучулар да өздөштүрөт. Павлодар мектептеринин биринде атайын ийрим ачылды. Азыр өспүрүмдөр чоподон карапа жасап жатышат. Чеберлер да бири-бири менен бул өнөр боюнча тажрыйбаларын бөлүшүүдө. Айдар Абдыкаримов мурда облус борборундагы карапа цехинде иштеген. Бүгүнкү күндө анын чеберчилик сабактарына 20га жакын адам жазылды.
Айдар Абдикаримов, карапа чебери:
– Карапа искусствосуна балдар да, чоңдор да кызыгышат. Ошондуктан бул багытты өнүктүрүү керек.
София Сафарова, окуучу:
– Карапа жасоонун ыкмаларына кызыктым. Ийримге келген соң акырындык менен үйрөнө баштадым. Азыр комплекстүү иштерди аткарып жатабыз.
Психологдордун айтымында, ылай менен дарылоонун пайдасы абдан чоң. Карапа буюмдары менен алектенүү - бул балдардын колкыймылдарын өнүктүрүүгө, ишенимин арттырууга жана чыдамкайлыкка тарбиялоого жардам берет. Жакынкы арада мектеп жамааты жаш чеберлердин эмгектерин чогултуп, көргөзмө уюштурууну көздөп жатат.
Оразбек Бахатхан, М. Алимбаев атындагы орто мектеп мүдүрүнүн орун басары:
– Мектеп окуучуларынын бош убактысын туура пайдалануу керек. Бул максатта биздин мектепте эс алуу клубдары ачылган. Окуучуларга психологиялык жактан жакшы таасир этүүчү ийримдерди ачкыбыз келди. Ушул максатта карапачылык ийримин колго алдык.
Мектеп жетекчилигинин айтымында, бул демилге кесиптештер тарабынан жакшы кабыл алынып, башка да мектептерге карапа ийримдерин ачуу пландалып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков