К. Токаев КМШ мамлекет башчылары кеңешинин жыйынына катышты

К. Токаев КМШ мамлекет башчылары кеңешинин жыйынына катышты

Казакстандын президенти Бишкекте өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү маанилүү окуяны уюм менен өнөктөш жана байкоочу макамынын  түзүлүшү деп атады. Бул өнүгүүнүн сапаттык жаңы этабына өтүүнү билдирет. Казакстандын лидери жолугушуунун катышуучуларын КМШ форматында жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантууга чакырды. Бул бир гана келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бербестен кызматташуунун өндүрүмдүүлүгүн да жогорулатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Өткөн жылдын аягында КМШ өлкөлөрүнүн үлүшүнө Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн төрттөн биринен көбү туура келген. Ал эми быйылкы жылы республиканын соода жүгүртүүсү 7 айда 4,5%га өсүп, 20,5 миллиард долларды түздү. Биз соода байланыштарын мындан ары бекемдөө үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануубуз керек.

Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев Шериктештикке кирген мамлекеттердин аймактары аркылуу өткөн негизги транспорттук артерияларды бириктирүү Концепциясын иштеп чыгууну сунуштады. Документ КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Евразия мейкиндигинин жаңы транзиттик-логистикалык кодексине айланат. Ошондой эле, Казакстандын президентинин айтымында, мамлекеттер ортосундагы соода тоскоолдуктарын жоюуга, тартымдуу тарифтик шарттарды түзүүгө жана административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Казакстандын президенти Орусиянын келерки жылы КМШга төрагалык кылуу жана саммитти 2024-жылы күзүндө Москвада өткөрүү чечимин колдоду. Мындан сырткары, Кыргызстандын Президентинин Шавкат Мирзиёевди КМШнын Ардак белгиси менен сыйлоо демилгесин кубаттады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков