Корея
Республикасынын Президенти Юн Сок Ёл мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди.
Жогорку даражалуу мейманды борбор калаанын аэропортунан Казакстандын
премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. Белгилей кетсек, Юн Сок Ёл өлкөгө
Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен келди. Мамлекеттик сапардын алкагында эки
өлкөнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, казак-корея бизнес форумуна
катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат деп
күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков