Казакстандын Президенти Тажикстанга сапар менен келди

Казакстандын Президенти Тажикстанга сапар менен келди

Казакстандын Президенти иш сапары менен Дүйшөмбү шаарына келди. Эл аралык аэропортто Касым-Жомарт Токаевди Тажикстандын премьер-министри тосуп алды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушат жана «Борбор Азия – Орусия» саммитине катышат. Мындан тышкары, Казакстандын президенти КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу пландаштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков