Аймакта алгачкы электр станциясы салынууда

Аймакта алгачкы электр станциясы салынууда

Улытау аймагында биринчи шамал электр станциясы курулуп жатат. 100 мегаватт кубаттуулуктагы объект Жезказган жана Сатпаев шаарларынын ортосунда жайгашкан. Анда 16 шамал турбинасы орнотулат. Бүгүнкү күндө бөлүнгөн участокто иштер башталды. Генераторлор өндүргөн электр энергиясы чакан станцияга жөнөтүлүп, ал жерден өлкөнүн бирдиктүү энергетика системасына бөлүштүрүлөт. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашырууга казакстандык жана кытайлык инвесторлор катышууда. Шамал электр станциясынын курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. 

 Алмат Саухимов, Сатпаев шаары акиминин орун басары:

– Сатбаев шаарынын аймагындагы Никольский 1 станциясынын айланасында инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун баасы 24,5 миллиард теңгени түзөт. Ал 35 киловатт менен келип, 220 киловаттка чейин иштетилет. Ал эми Никольский 1 КЕГОКтун бүтүндөй Казакстандын электр тармагына электр энергиясын өндүрөт.

Ошондой эле, облуста дагы бир энергетикалык объектти куруу пландалууда. Келерки жылы 1 гигаватт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын курууну баштоо көздөлүп жатат. Курулуш аянты 20 гектарды түзөт. Жалпысынан Казакстанда электр энергиясын өндүрүүдө жашыл энергиянын үлүшү 2024-жылдын 6 айында 6,5%ды түздү. Учурда республикада альтернативдик энергетиканын 148 объектиси иштеп жатат. Анын курамына 59 шамал, 46 күн, 40 суу жана 3 биогаз электр станциялары кирет. Мындай дагы 50 долбоорду ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков