Казакстандагы инвестиция рыногу активдүү өнүгүүдө. Бул тууралуу Астана эл аралык каржы борборунда белгилүү болду. Уюм бир нече жылдан бери аткарылган иштер өз натыйжасын бергенин кубануу менен маалымдады. Маселен, 2012-жылдан бери өлкөгө 49 миллиард доллардан ашык каражат тартылды. Ошентип, 10 жыл ичиндеги көрсөткүчтү алып карасак, жыл сайын наркы 5 миллиард долларлык 36 келишим түзүлүп турган. Өз кезегинде АЭКБ ачылгандан бери алты жылда 10 миллиард доллар инвестиция тартты. Маалым болгондой, каржы сектору, инфраструктуралык долбоорлор, энергетика тармагы жана жаңы технологиялар инвесторлорго кызык.
Ренат Бектуров,
АЭКБнын башкаруучусу:
- Бүгүнкү күндө
дүйнөдө үч триллионго жакын каражат бош турат, аларды инвестициялоого болот. Алардын
кандайдыр бир бөлүгүн Казакстанга келишин каалайбыз. Мисалы, өткөн жылы эле
дүйнөлүк масштабда 700 миллиард долларга жакын келишим түзүлсө, ал эми
Казакстанда 10 жылдын ичинде 45 миллиард доллар, башкача айтканда, өсүү дараметинин
айырмачылыгы абдан чоң. Бүгүнкү талдоо бизге эмне жетишпей жатканын, дагы эмне
кылышыбыз керек жана инвесторлор үчүн кайсы тармактар кызык экенин көрсөтүшү
керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.