Ашхабадда Түркиянын экспорттун товарларынын көргөзмөсү өтүп жатат

Ашхабадда Түркиянын экспорттун товарларынын көргөзмөсү өтүп жатат

Ашхабад менен Анкара экономикалык байланыштарды чыңдоодо. Тараптар соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү жана ишкердик демилгелерди колдоо маселелерин түркмөн-түрк ишкерлер кеңешинин жыйынында талкуулашты. Ал эми бизнести түрк өндүрүүчүлөрүнүн өнүмдөрү менен жакындан тааныштыруу үчүн Түркмөнстандын борборунда экспорттук товарлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Республикага 70тен ашык компания өз өнүмдөрүн алып келди. Бул текстиль, курулуш материалдары, унаа жасоо товарлары, кайра жанма энергия булактары жана электроника. Көргөзмөнүн алкагында инновациялык технологияларды көрсөтүүгө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууга басым жасалды. Жалпысынан, Түркиянын соода министринин айтымында, экспозиция жаңы бизнес байланыштарды түзүү үчүн натыйжалуу аянтча кызматын аткарып келе жатат.


Осер Болат, Түркиянын соода министри:


- Келерки жылы дагы көп товар алып келүүнү жана Түркияда түркмөн-түрк көргөзмөсүн уюштурууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, биз Түркмөнстанга арналган көргөзмө өткөрүүнү да көздөп жатабыз. Иш - чаранын негизги максаты-жылдык жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 2,7 миллиард долларды түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков