ШКУга төрагалык кылуу учурунда Казакстан өзүнө жүктөлгөн максат-милдеттерди толугу менен аткарды. Буга уюмдун мүчөлөрүнүн жана байкоочу өлкөлөрдүн, абройлуу эл аралык структуранын өкүлдөрүнүн пикири далил. Муну Касым-Жомарт Токаев баса белгилеп айтты. Уюмга төрагалык кылган мезгилде ар кандай деңгээлдеги 150гө жакын иш-чаралар, анын ичинде санариптик өнүгүү, туризм, энергетика, бизнес, ШКУнун жаштар кеңеши боюнча форумдар өткөрүлдү. Уюмдун келишимдик базасы 60 жаңы документ менен толукталып, өнөктөштөрдүн саны бир топ көбөйдү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биздин көп тараптуу кызматташуубузга жаңы дем берүүгө багытталган сунуштарды киргизүүгө уруксат этиңиздер. Биринчи кезекте, биздин оюбузча эң маанилүү фактор бул тынчтык жана туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин биргелешип көрсөтүү. БУУнун 80 жылдыгына жана БУУ менен ШКУнун өнөктөштүгүнүн 20 жылдыгына карата Башкы Ассамблеяга биздин «Адилеттүү дүйнө, гармония жана өнүгүү үчүн глобалдык биримдик жөнүндө» демилгебизди колдоо боюнча резолюция кабыл алууну сунуштайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков