Акордада
UAE SWAT Challenge-2026 эл аралык турниринин жеңүүчү
командаларынын катышуучулары сыйланды. Касым-Жомарт Токаев аларды куттуктап, дүйнөгө
казак жоокерлеринин чечкиндүү рухун көрсөтүп гана тим болбостон, Казакстандын эл
аралык аренадагы кадыр-баркын дагы арттырганын баса белгиледи. Эскерте кетсек,
48 өлкөдөн 109 команда катышкан мелдештерде ата мекендик атайын бөлүктөр мыкты
жыйынтыктарды көрсөтүштү. Казакстандын эки командасы турнирдин алтын жана күмүш медалдарын алышты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Мамлекет
аскердик-күч блогун комплекстүү модернизациялоого жана ар тараптуу
технологиялык жактан кайра жабдууга өзгөчө көңүл бурууда. Сиздердин бул
мелдештердеги ийгилигиңиздер – бул Казакстандын күч түзүмдөрүнүн системалуу
өнүгүшүнүн, аскер кызматкерлеринин жогорку моралдык жана физикалык даярдыгынын
натыйжасы. Сиздердин Ата Мекенге жан аябас кызматыңыздар, антыңызга
берилгендигиңиздер Казакстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого өбөлгө түзөт
деп ишенем.
Мамлекет башчысы "Томирис" аялдар курама
командасынын жетишкендигин да белгиледи. Казакстандыктар турнирде аялдар
командаларынын арасында эң мыкты болушту. Касым-Жомарт Токаев атайын
бөлүктөрдүн кызматкерлери жана аскер кызматкерлери ар дайым жана бардык жерде
тартиптин, аскердик кесипкөйлүктүн, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн
чечкиндүү аракеттерге даяр болуунун үлгүсү болушу керектигин баса белгиледи. Президент
өлкө тарыхый өзгөрүүлөрдүн босогосунда турганын эске салды. Жалган куран айынын 15де
жалпы элдик референдумда казакстандыктар жаңы Конституция боюнча өз тандоосун
жасашат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Бул
өлкөнүн тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү эң маанилүү чечим болот. Баш мыйзамдын долбоорунда
биздин эгемендүүлүгүбүздү, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөчү ыйык руханий жана
укуктук баалуулуктар бекитилген. Казакстан Республикасынын аймактык бүтүндүгү,
эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы, ошондой эле адам, анын өмүрү, укуктары жана
эркиндиктери эң жогорку баалуулуктар деп жарыяланган. Жоопкерчиликтүү жана
жаратман патриотизм түшүнүгү бекитилген. Адилеттүү Казакстан идеясы,
"Мыйзам жана тартип" принциби Конституциянын жаңы долбоорунда
татыктуу ордун тапты.
Мамлекет башчысынын жарлыгы менен эл аралык мелдештерден жеңиш менен кайткан бир катар офицерлер жана аскер кызматкерлери «Айбын» орденинин ІІ даражасы, «Жоокердик эрдиги үчүн» медалы жана Казакстан Президентинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

