Казакстан 25 өлкө менен 76 каттам жана жумасына 257 рейс жыштыгы боюнча эл аралык каттамдарды калыбына келтирди. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, ички каттамдардын маршруттук тармагы да толугу менен калыбына келтирилди. Азыр өлкө 57 ички багытка 605 үзгүлтүксүз каттамдарды аткарат. Өзгөчө кырдаал учурунда токтотулган каттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн жагымдуу жаңылык. Министрлик саякатчылар билеттердин толук баасын кайтарып алуу үчүн кайрыла аларын белгиледи же сатып алган жеринде башка даталарга акысыз кайра брондоого болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков