Нур-Султанда «Kazakhstan Dance Festival» иш-чарасы өтүп жатат

Нур-Султанда «Kazakhstan Dance Festival» иш-чарасы өтүп жатат

Сарыаркада дүйнөлүк бийчилер чогулушту. Борбор калаада «Kazakhstan Dance Festival» иш-чарасы өтүп жатат. Дүйнөлүк бий сынагы 12 өлкөдөн келген катышуучуларды чогултту. Жалпысынан 500дөй бийчи жеке жана жуп болуп өнөрлөрүн тартуулашат. Фестивалдын алкагында өлкө тарыхында биринчи жолу Латын Америка программасы боюнча расмий дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталат. Талапкерлер ча-ча-ча, самбо, румба, джайф жана испан пасодобль бийлери боюнча ат салышууда. Алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн эл аралык калыстар чакырылган. Мындан тышкары, дүйнөгө таанымал хореографтар жаш бийчилер менен өз өнөрлөрүн бөлүшүштү. Чимириле бийлеген өнөрпоздордун масштабдуу иш-чарасы Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналды.

Никита Павинский, бийчи, Германия:

- Биз Германия мамлекетинин намысын коргоп келдик. Өткөн жылдын бештин айында ушул WDO боюнча дүйнө чемпионатынын финалисти болдук. Биздин максат – кооз шаар менен жакындан таанышып, турнирде жеңишке жетишүү. Эң мыкты бийибизди көрсөтүп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулап, унутулгус таасир калтырабыз деп ойлойм.

Сергей Беляев, калыстар тобунун мүчөсү, Финляндия:

- Бул иш-чара дүйнөлүк турнирлерден кем эмес, ал тургай кээ бир көрсөткүчтөрү боюнча алардан да ашып өттү десем аша чаппайм. Уюштуруу жагы, жалпы дизайн жогорку деңгээлде. Техникалык  жактан негизделген чечимдер колдонулган, бий аянтынын сапаты, жарыктандыруу жана үндүн сапаты жакшы. Казакстан келечекте жогорку деңгээлдеги титулдук мелдештерди жана ар кандай масштабдуу бий иш-чараларын өткөрүүгө даяр экендигин көрсөттү деп ойлойм.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков