Мамлекет башчысы Түркия президентине көңүл айтуу телегераммасын жолдоду

Мамлекет башчысы Түркия президентине көңүл айтуу телегераммасын жолдоду

«Түркия Республикасында болгон катуу жер титирөөдөн көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушундай оор учурда жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө, ошондой эле бардык түрк боордошторубузга Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам», – деп айтылат телеграммада.

Ошол эле учурда президент Казакстан Түркияга тиешелүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Эскерте кетсек, Газиантеп шаарына жакын жерде күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө өлкөнүн борбор шаары Анкара, ошондой эле Сирия менен Ливанда да сезилди. Акыркы маалыматтар боюнча Түркиянын он провинциясында каза болгондордун саны 284кө жетти. Эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков