Алар аукционго коюлуп, стратегиялык инвесторлорго берилет. Министрлер кабинети катуу пайдалуу кендердин жана көмүрсуутек чийки заттарынын кендерин ревизиялоо маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, учурда Өкмөт жер казынасын пайдалануучуларга берилген келишимдерди жана лицензияларды кайра карап чыгуунун үстүндө иштеп жатат. Өткөн жылкы талдоодон кийин ыйгарым укуктуу органдар катуу пайдалуу кендерге 115 келишимди жана 198 лицензияны, ошондой эле углеводород чийки затына 12 келишимди жокко чыгарышкан. Ошол эле учурда былтыркы сооданын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине 26 миллиард теңге өлчөмүндө кол коюу бонусу төлөнгөн. Мындан тышкары, көмүрсуутек чийки затын геологиялык чалгындоо иштерине улуттук валютада 50 миллиарддан ашык суммага инвестиция тартыла тургандыгы жарыяланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков