Дүйнөнү таланты менен таң калтырган казакстандык. Ата мекендик композитор Сергей Кимге искусство жана илим тармагындагы Австриянын абройлуу сыйлыгы ыйгарылды. Ал сынакка катышуу үчүн 40 мүнөттүк автордук пьесасын сунуштаган. Белгилей кетсек, Теодор Кёрнер атындагы сыйлык 1954-жылдан бери жыл сайын таланттуу жана жаш сүрөтчүлөргө тапшырылп келет. Бул инсан Австрияны жетектеп турганда, искусство жана илим тармагындагы жарандарды колдоо максатында өзүнүн атынан сыйлыкты ыйгарууну ойлоп тапкан. Мына ошондон кийин абройлуу сыйлык дээрлик жарым кылымдан бери мамлекеттин азыркы президенти тарабынан тапшырылып келет.
Сергей Ким, композитор:
- Биринчиден, бул сыйлык 35 жашка чейинки жаш музыканттарга берилет. Уюштуруучулар бир жыл мурун жарыя кылышкан. Негизги талаптардын бири – композитор өзүнүн даяр эмес, жазылып жаткан чыгармасын сунуштоого тийиш. Ал эми аны аяктай турган убак сыйлык берилген учур болуп саналат. Бул биринчи талап, экинчиси, жазылган пьеса Австрия өлкөсүнүн чыгармачылыгын, искусствосун жана маданиятын чагылдырышы керек.
Белгилей кетсек, бул сынактын жеңүүчүлөрү адатта жыл аягында аныкталат. Бирок коронавирус илдетинин күчөшүнө байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи ушул жылга калтырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков