ЕАЭБ учактарды киргизүүнү бажы салыгысыз кылууну сунуштоодо

ЕАЭБ учактарды киргизүүнү бажы салыгысыз кылууну сунуштоодо

Евразия экономикалык биримдигинин аймагына аба кемелерин 14 күнгө чейин бажы төлөмдөрүсүз убактылуу ташып келүү сунушталууда. Аны Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы киргизди. Негизги шарт – учактар ​​делегацияларды жана чет элдиктерди ташуу үчүн гана колдонулушу керек. Евразиялык экономикалык комиссиянын мындай чечими Биримдиктин укуктук порталына жарыяланды. Белгилей кетсек, документтин коомдук талкуулоосу бугу айынын 7не чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков