Президент Астана шаарынын акимин кабыл алды

Президент Астана шаарынын акимин кабыл алды

Жеңис Касымбек Касым-Жомарт Токаевге Астананын өнүгүү дарамети тууралуу маалымат берди. Борбордун акими Мамлекет башчысына шаардын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасы боюнча айтып берди. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында борбордун экономикалык капиталына бир триллион теңгеден ашык инвестиция тартылган. Жыл аягына чейин жалпы суммасы болжол менен 88 миллиард теңгеге бааланган 25 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул негизинен өндүрүш, билим берүү, медицина жана логистика тармагындагы долбоорлор. Президентке жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу да маалымат берилди. Жеңис Касымбектин айтымында, былтыр күздө «Түштүк-Чыгыш» газ жылытуу станциясынын, «Туран» газ жылытуу станциясынын биринчи этабынын жана 3-жылуулук электр борборунун биринчи этабынын курулушу аяктады. Муну менен катар, борбор калаа башчысы келерки жылы Астанада беш окуучулар сарайынын жана мамлекеттик бала бакчалардын курулушу башталарын билдирди. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы социалдык жана инженердик инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков