Казакстан терроризмди каржылоого каршы чараларды күчөтөт. Сенат тиешелүү протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамын кабыл алды. Документтин алкагында топтун акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча каржылык чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштары кайра каралып, анын мандаты кеңейтилген. Массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого улуттук мыйзамдардын каршы аракеттери жаңыланган стандарттарга ылайык шайкештендирилди. Ошондой эле бул протокол Евразиялык топтун алкагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жаңы дем берет. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган уюмга 9 мамлекет мүчө.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Бул түзөтүүлөр уюмга мүчө-мамлекеттердин каржы системаларын жана экономикаларын коргоого багытталган биргелешкен ишмердүүлүгүн жакшыртууга арналган. Жалпы мыйзам FATF алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

