Мамлекет башчысы Петер Шпулерди кабыл алды

Мамлекет башчысы Петер Шпулерди кабыл алды

Швейцариялык компания Казакстанда жеңил унааларды чыгаруучу завод ачат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин Stadler Rail AG компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы менен жолугушуусунда белгилүү болду. Петер Шпулер Казакстан алюминийин колдонуу жана өндүрүштүн толук циклин ишке киргизүү планы тууралуу маалымат берди. Мисалы, 2030-жылга чейин өндүрүш тетиктерин жергиликтүү өндүрүштүн деңгээлин 35%га чейин жогорулатуу, ошондой эле казакстандык өнүмдү экспорттоо көздөлүүдө. Мындан тышкары, компания окуу борборлорун уюштуруп, ата мекендик колледж жана университеттер менен байланыш түзүүнү максат кылат. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев биргелешкен долбоорду ишке ашыруу Казакстан менен Швейцариянын соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков