Баалуу металлдардын баасынын туруктуу өсүшүн эске алганда, экспорттук кирешелер көңүл жылытаарлык. Мисалы, өткөн жылдын үчтүн айы-бештин айларында жалпы наркы 67 миллион долларга бааланган ата мекендик өнүмдүн 4 тоннадан ашыгы чет өлкөгө жөнөтүлгөн. Бул иштетилген жана иштетилбегенин кошо эсептегендеги көрсөткүч. Алтындын наркына карата рекорддук өсүш катталды. Баалуу металлдын наркы дароо 88% га өстү. Акыркы 5 жылдын маалыматтарына келе турган болсок, экспорттун көлөмү 17%га, ал эми өздүк наркы 7 эсеге өскөнүн көрүүгө болот. Адаттагыдай эле Орусия, Кыргызстан жана АКШ Казакстандын алтынын импорттоо боюнча алдыңкы орунда турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков