Астанада бир нече казакстандык санариптик өнүм Digital Finance Dayде тааныштырылды. «Электрондук мамлекеттик сатып алуулар» маалыматтык системасы, товарлардын санариптик каталогу, e-Qazyna платформасы, салыкты башкаруу, Smart Data Finance жана ишкердин бирдиктүү жеке кеңсеси. Булардын соңкусун жыл аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Каржы министрлиги белгилегендей, ишкерлер мындан ары логиндерди, сыр сөздөрдү, ар кандай сайттардан иштөө жана отчет үчүн зарыл болгон маалыматтарды эстеп калбайт. Тутумдар мамлекеттик кызматтарды үйдөн чыкпастан тез алууга, товарларды сатуу чынжырына алыстан байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле тобокелдиктерди азайтууга жана ачыктыкты жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Дияс Крамшеев, "Электрондук каржы борбору" АК башкармалыгынын
төрагасы:
- Колдонуучу бир эле кеңседе отуруп өзүнүн бардык
маалыматтарын - салыктык башкаруу, салык отчетун берүү, мамлекеттик сатып алууларга катышуу же эсеп-фактуралардын
көчүрмөсүн, эгерде мамлекеттик мүлктү сатып алуу боюнча мамлекеттик
сатып алууларга катышса, же соодага аралашса, мунун баарын ал бир кеңседен көзөмөлдөй
алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков