К. Токаев Актөбе облусуна келди

К. Токаев Актөбе облусуна келди

Казакстандын президенти Актөбе облусуна келди. Касым-Жомарт Токаевдин аймакка болгон иш сапары өнөр жай өндүрүштөрүнө баруу менен башталды. Мамлекет башчысы алгач "Болашак" шахтасында болду. Объекттин кубаттуулугу жылына 7,5 миллион тонна хром рудасын өндүрүүгө жетет. Ишканага тартылган инвестициянын көлөмү 1 триллион теңгеден ашык. "Болашак" шахтасынын ишке кириши Казакстандын тоо-кен тармагындагы тарыхый окуя болмокчу. Ошондой эле бул тармак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы ошондой эле жергиликтүү билим берүү мекемелери менен таанышты. Өлкөнүн батыш аймагындагы тоо-кен тармагы үчүн адистерди даярдоочу жалгыз кесиптик окуу жайы болгон Хромтау жогорку тоо-кен техникалык колледжинде келечектеги тармактын адистери окутулат. Окуу процессине теориялык билимди тажрыйба менен айкалыштырган алдыңкы технологиялар киргизилген. Ал эми атайын окуу-шахта полигонунда студенттер өндүрүштүк практикадан өтүп, техника менен иштөөнүн татаал ыкмаларын өздөштүрүшөт. Президент окуу жайдын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен маектешип, жумушчу кесиптердин маанилүүлүгүн эске салды.

-Келечектеги кен байытуучумун. Бул кесип жумушчу адистиктердин катарына кирет. Тоо-кен тармагындагы маанилүү иштердин баарын жасайбыз. Башкача айтканда, биз хром кенин кайра иштетип, аны пайдалуу компотенттер жана калдыктарга бөлөбүз.

-Мен шахтерлор династиясына чыккандыктан ата-энемдин жолун жолдоп ушул колледжде окудум.  Эмгек ийгиликтин негизи экенин билип, биз адал эмгекти тандайбыз.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле, Хромтау номер 1-орто мектебине барды. Окуу жайда санариптик технологиялар кеңири жайылтылууда. Атайын пилоттук долбоордун алкагында педагогдор аралыктан тажрыйба алмашат. Мамлекет башчысы ошондой эле онлайн режиминде ачык сабакка катышып, мектепке автобус белек кылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков