Казакстандын өзөктүк куралсыз дүйнө курууга болгон аракети өзгөрүүсүз кала берет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздануу боюнча конференциясында Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди билдирди. Ошондой эле, мамлекет массалык кыргын салуучу куралдарды таркатпоо боюнча келишимди толуктаган ядролук куралга тыюу салуу тууралуу макулдашууну ишке ашырууга жигердүү катышып жатканын айтты. Тышкы иштер министри Ядролук куралдан эркин дүйнө жөнүндө жалпы декларация БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2021-жылдын бештин айында рекорддук добуш менен кабыл алынганын баса белгиледи.
Мухтар Тлеуберди, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары, Тышкы иштер министри:
- Көптөгөн өлкөлөр Казакстандын өзөктүк куралсыз дүйнө куруу демилгесин колдоду. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу добуш бергендердин саны көп болду. Бул документтин өзөгүн ядролук куралы бар өлкөлөрдү жана ага ээ болууга умтулган мамлекеттерди массалык кыргын салуучу куралдан баш тартууга чакырык таштоо түзөт.
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди президент Касым-Жомарт Токаевдин Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттикти түзүү демилгесин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Женевада эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда тараптар келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, БУУнун Женевадагы кеңсесинин башчысы Татьяна Валовая Алматыдагы БУУнун борборунда Борбор Азия жана Ооганстандагы аймактык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.
Татьяна Валовая, БУУнун Женевадагы бөбуунун женевадагы бөлүмүнүн башкы мүдүрү:
- Азыр Казакстан социалдык-экономикалык өнүгүүгө басым жасап жатканын көрүп жатабыз. Казакстан элине мындан ары экономикалык, саясий жана социалдык өнүгүүнү каалайбыз. Биз азыр Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүгүнүн мааракесин белгилеп жатабыз. Бул абдан маанилүү. Анткени бул жылдар аралыгында Казакстан эл аралык кадыр-баркы бар өлкөгө айланды. Биз көп маселелер боюнча тыгыз кызматташып келебиз. Келечекте биздин кызматташтыгыбыз уланат деп ишенебиз.
Тараптар Дүйнөлүк соода уюмунун башкы мүдүрү менен министрлердин 12-конференциясына даярдыктарды талкуулашты. Жыйын кулжа айынын 13дө Женевада Казакстандын төрагалыгы астында өтөт. Ошондой эле, БУУнун соода жана өнүгүү конференциясынын башкы катчысы Ребекка Гринспан менен биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу талкууланып, алдыдагы мерчемдер белгиленди.
Мухтар Тлеуберди, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары, Тышкы иштер министри:
- Бизде Казакстанда ЮНКТАДдын товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу, казак товарларын экспорттоо жана импорттоо үчүн бирдиктүү терезе сыяктуу долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Азыр ЮНКТАД секретариаты менен биздин өнөктөштүгүбүз артты. Анткени, чет элдик түз инвестицияны тартуу милдети Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн. Чет элдик инвесторлордун экономикабызга кириши үчүн бирдиктүү система түзүү долбоорун талкуулап жатабыз.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Борге Бренде казак тарапка Касым-Жомарт Токаевдин Давос саммитинин жылдык жыйынына катышууга расмий чакыруусун тапшырды. Ал бугу айынын үчүнчү декадасында өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков