Мамлекет башчысы Мажилис төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды

Мамлекет башчысы Мажилис төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Мажилис төрагасын кабыл алды. Ерлан Кошанов президентке палатанын VII чакырылышынын экинчи сессиясында аткарылган мыйзам чыгаруу иштери тууралуу маалымат берди. Төрага кабыл алынган бир катар мыйзамдар мамлекет башчы тарабынан сунушталган реформаларды мыйзамдык жактан камсыздоого багытталганын белгиледи. Ошондой эле, Ерлан Кошанов депутаттар аймактардын орчундуу көйгөйлөрүн аныктоо үчүн эл менен жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирди. Кийин ал маселелер өкмөт менен биргеликте чечилет. Парламенттин төмөнкү палатасынын ишинин жаңы форматы, анын ичинде коомдук палатаны түзүү тууралуу да сөз болду. Мындан тышкары, спикер Касым-Жомарт Токаевге «АМАНАТ» партиясынын иши тууралуу айтып берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков