Түркиянын ANKA
учкучсуз учактары Казакстанда чыгарыла баштйт. Өндүрүштү баштоо 2024-жылга мерчемделген.
Turkish Aerospace Industries компаниясынын өкүлү Эрол Огыздын айтымында,
компания ата мекендик адистер менен технология гана эмес, тажрыйба алмашууга да
даяр. Келечекте бул республикага өз алдынча дрондорду чыгарууга, өз аймагында
толук өндүрүш циклин орнотууга мүмкүндүк берет. Учурда инвестициянын көлөмү
такталууда. Жалпысынан долбоор аскердик-техникалык кызматташтык меморандумду
ишке ашыруунун натыйжасында жүзөгө ашырылат. Документке 2022-жылы «Kazakhstan
Engineering» улуттук компаниясы менен Turkish Aerospace ортосунда кол коюлган. Негизинен
Түркиянын аппараттарын тестирлөө жай айларында Жамбыл облусундагы окуу
борборунда башталган.
Эрол Огыз,
учкучсуз учуу аппараттарына программаны иштеп чыгуу боюнча менеджер:
- Мындай
масштабдуу программаларды, долбоорлорду тыкыр талкуулап, макулдашып алуу
керектигин билесиздер. Ошондуктан биз компаниянын жетекчилиги менен, сиздердин
өкмөт менен, ошондой эле бул программага кире турган компаниялар менен
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз каалаган убакта ишти баштоого даярбыз,
бирок албетте, бул белгилүү бир даярдык мезгилин талап кылат. Деген менен
долбоорду келерки жылы ишке киргизүүнү пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков