Казакстанда ири инвестициялык долбоорлорду насыялоону камсыз кылуу үчүн синдикатталган насыялоону өнүктүрүүгө багытталган түзөтүүлөр кабыл алынды. Документте чет өлкөлүк банктардын эсебинен жалпы долбоордун катышуучуларынын курамын кеңейтүү жана алардын күрөө укуктарын күчөтүү каралган. Өткөн жылы бул багытта өнүктүрүү институттарынын жана жеке банктардын катышуусу менен долбоордук кеңсе түзүлгөн. Жыйынтыгында жалпы суммасы 8 трлн теңге болгон 1,4 долбоор кабыл алынды. Мындан тышкары, каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматы боюнча, Бизнести Насыялоо процедуралары санариптештирилет. Бул жаатта банктарды Мамлекеттик маалыматтар базасы менен интеграциялоо боюнча иштер колго алынды. Бүгүнкү күндө бул багытта кыймылсыз мүлктү тариздөө, салыктар, лицензиялоо, каттоо, кирешелер жана башка насыялар үчүн зарыл болгон юридикалык жактардын маалымат базасын камтыган 37 сервис менен интеграция камсыз кылынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков