Казакстан менен Ирандын агроөнөржай товарларынын жүгүртүүсү 25%га өстү

Казакстан менен Ирандын агроөнөржай товарларынын жүгүртүүсү 25%га өстү

Соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты Казакстандын премьер-министри менен Ирандын биринчи вице-президенти талкуулашты. Олжас Бектеновдун Мохаммад-Реза Ареф менен жолугушуусу Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында өттү. Алар белгилегендей, эки тараптуу мамилелер бардык багыттар боюнча динамикалуу өнүгүүдө. Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көбөйүп, дээрлик 300 миллион долларга жеткен. Ошол эле учурда Казакстан товарлардын 60 түрү боюнча товарлардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана экспорттун көлөмүн 130 миллион доллардан ашык көбөйтүүгө кызыкдар. Атап айтканда, республика Иран базарынын буудай, арпа жана май өсүмдүктөрүнө болгон талабын канааттандырууга даяр. Тараптар «Түндүк-Түштүк» эл аралык коридорунун алкагында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Жолугушууда Казакстан жана Иран порттору – Актау, Курык, Анзали жана Амирабада терминалдарын жаңылоонун келечеги каралды.


Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


-Эки тараптуу мамилелер бардык багыттар боюнча жогорку динамиканы көрсөтөт. Маалым болгондой, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тегеранга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда бир топ келишимдер түзүлдү. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн негизги максаты – мамлекет башчылары аныктаган милдеттерди толук аткаруу жана Казакстан-Иран кызматташтыгын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков