Мамлекет башчы Сингапурдагы ири бизнес жолугушууларды өткөрдү

Мамлекет башчы Сингапурдагы ири бизнес жолугушууларды өткөрдү

Казакстан-Сингапур бизнес форумунун алкагында Касым-Жомарт Токаев Сингапурдун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Сингапурдагы эң ири инвестициялык «Temasek» компаниясын чакырды. Холдингдин башкы мудүрү Дилхан Пиллэй өлкө менен транспорт жана логистика тармагында кызматташуунун келечегин жогору баалады. Мындан тышкары биргелешкен инвестициялык фондду түзүү, ошондой эле санариптештирүү, электрондук коммерция жана кайра жанма энергия тармактарында өз ара аракеттенүү маселелери каралды. Ошол эле учурда, мунай-химия өнүмүнүн ири өндүрүүчүсү - Indorama  корпорациясы Жамбыл облусунда фосфордук жер семирткичтерди өндүрүүнүн толук циклин түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Казакстандын президентине компаниянын лидерлеринин бири Амит Лохио билдирди. Белгилей кетсек, былтыр Азиядагы алдыңкы химиялык холдинг жаңы кендерди иштетүү аркылуу Казакстандын химиялык өнөр жайын өнүктүрүү боюнча Астана эл аралык каржы борборунун юрисдикциясында туунду компаниясы катталган.

Ренат Бектуров, АЭКБнын башкаруучу мүдүрү:

– Ишкананын жетекчилиги президентке фосфаттык жер семирткичтерди куруу боюнча сунушту кароого даяр экенин билдирди. Бул маселени изилдеп, карап чыгабыз. Менимче, анын дарамети абдан жакын.

Ошол эле учурда Совико Group бир катар аэропортторду башкарууга жана Казакстандагы логистикалык кампаларга инвестиция салууга кызыкдар. Бизнес-форумдун алкагында Алматы облусунда флагмандык Alatau City долбоорун ишке ашыруунун маанилүү аспектилери да талкууланды. Акимият Caspian Group жана Сурбана Джурон компаниясы менен биргеликте G4 City шаарын өнүктүрүүнүн башкы планынын концепциясын иштеп чыккан.

Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими:

– Жаңы шаар «Алатау» тааныштырылды. Аткарылган иштер тууралуу сүйлөштүк. Картада шаардын концепциясы түзүлдү. Өткөн аптада эле башкы план бекитилди. Бул чет элдик инвесторлордун кошумча кызыгуусун жаратууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков