Казакстанда 2029-жылга инвестициялык саясат концепциясы жакшыртылды. Ал туруктуу бизнес экосистемасын калыптандырууга багытталган. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Чет элдик инвесторлор кеңешинин убактылуу жыйынында билдирди. Өкмөт башчы ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун этаптарын жөнөкөйлөштүрө турган улуттук санариптик инвестициялык платформаны ишке киргизүүнү белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияланган чет элдик капиталга инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт. Инвесторлорго атайын экономикалык, өнөр жай жана чакан өнөр жай аймактарында даяр өндүрүш аянттары сунушталууда. Жаңы катышуучуларды тартуу үчүн узак мөөнөттүү келишимдер жана оффтейк келишимдери түзүлөт. Алдыдагы иштер экологиялык жөнгө салууну, булуттук технологияларды жана жасалма интеллектти, миграциялык стандарттарды жакшыртууга, жер казынасын пайдалануу секторун санариптештирүү үчүн тышкы каржылоону тартууга багытталган. Олжас Бектенов инвесторлорго Казакстан жаңы өндүрүштүк ишканаларды түзүүгө кызыкдар экенин, ошондуктан өлкө өкмөтү буга салым кошо турган чечимдерди биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

