Казакстанда
2026-2028-жылдарга эсептелген үч жылдык республикалык бюджет бекитилди.
Тиешелүү мыйзамды Мажилис депутаттары кабыл алышты. Анын негизинде туруктуу
өсүү темпин жана инфляциянын төмөндөшүн болжолдогон базалык сценарий жатат.
Ошентип, кийинки үч жылда ИДӨдүн
орточо
жылдык өсүшү 5,3% деңгээлинде күтүлүүдө, ал эми инфляция 2028-жылга чейин
5-7%га чейин кыскарат. Бюджеттин кирешеси кийинки жылы 19 триллион теңгеден
ашык, ал эми 2028-жылы 23 триллиондон ашык теңгени түзөт деп болжолдонууда.
Долбоор Улуттук фонддон кошумча максаттуу трансферттерсиз түзүлгөн. Парламент
депутаттары белгилегендей, бул Казакстандын экономикасынын каржылык көз
карандысыздыгын жана туруктуулугун көрсөтүп турат. Бюджет социалдык багыттагы
бойдон калууда. 2026-жылы калкты колдоого дээрлик 11 триллион теңге багытталат.
Экономиканын реалдуу секторун колдоо чаралары да кеңейтилет, атап айтканда,
аймактарда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн «Байтерек» холдингин кайтарымдуу каржылоо
аркылуу. Региондор да көңүл борборунда. Облустарды өнүктүрүүгө кийинки 3 жылда
581 миллиард теңге каралган.
Ерлан Кошанов, Парламент
мажилисинин
төрагасы:
- Бардык аракеттерибиз мамлекет
башчысынын «Күчтүү аймак – күчтүү өлкө» принцибин иш жүзүнө ашырууга
багытталууга тийиш. Көңүл бурууну талап кылган башка дагы маанилүү багыттар
бар. Булар мамлекеттик карыз маселелери, инвестициялык долбоорлорду ишке
ашыруу, аймактар аралык инфраструктуралык дисбаланстарды кыскартуу жана башка
көптөгөн нерселер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

