Мамлекеттик
кеңешчи Ерлан Карин ички саясат маселелери боюнча кезектеги республикалык
кеңешмеде жаңы Конституция долбоорунун мааниси тууралуу айтып берди. Анын
айтымында, өлкөнүн Баш мыйзамынын кириш сөзүндө, биринчи беренелеринде
мамлекеттүүлүктүн түпкү негиздери – Көз карандысыздык жана Эгемендүүлүк,
мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери биринчи жолу өзгөчө
белгиленген. Ал бул бир эле учурда негизги укуктук ченемдердин жыйындысы жана
коомдун негизги максаттары менен багыттарын чагылдырган документ экенин баса
белгиледи. Баш мыйзам долбоорунун идеялык-баалуулук мааниси, эгерде ал
референдумда кабыл алынса, жаңы Конституция коомдук консолидациянын сапаттык
жаңы деңгээлинин платформасы болуп калат. Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө
Мамлекеттик кеңешчи өлкө башчысынын ички саясаттын негизги принциптери,
баалуулуктары жана багыттары тууралуу Жарлыгынын ишке ашырылышын белгиледи.
Документте биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде ички саясаттын негизги
максаттары, милдеттери жана багыттары түзүлүп, системалаштырылган. Ерлан
Кариндин айтымында, Жарлык ички саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын
ишин координациялоого багытталган, ошондой эле коомго жүргүзүлүп жаткан
мамлекеттик саясаттын идеялык маанисин даана түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

