Аппарат күн батареялары сыяктуу электр энергиясын чогултат. Куанышбек Алишер уулу 6 жыл бойю ойлоп тапканын сыноодон өткөрдү. Генератордун күчү бир үйдү гана эмес, жалпы күнөсканаларды жана чакан өндүрүш ишканаларын энергия менен камсыз кылууга жетет.
Куанышбек Алишер уулу, ойлоп табуучу:
- Агрегатта станоктун корпусу катары кызмат кылган катушка бар. Айланып турган дөңгөлөк магнити станоктун ичинде ротордун ролун аткарат. Принциптери бирдей болгону менен конструкциясы ар башка, ал ушул принцип менен ток чыгарат.
Аппаратты ишке кошууга Тараз шаарындагы жогорку окуу жайлардын бири каржылык жардам катары 2 миллион теңге бөлгөн. Окуу жайдын өкүлдөрүнүн айтымында, ушундай жол менен өлкөдө түгөнгүс магнит күчүн түбөлүк энергияга айландыруу долбоору колго алынды.
Сейитжан Орынбаев, М.Х Дулит атындагы Тараз аймактык университети илимий жана коммерциялаштыруу департаментинин мүдүрү:
- Биз аппаратты чарбалары барларга жана алыскы аралыкта жайгашкан стационардык электр станцияларына кошулбаган чакан керектөөчүлөргө сунуш кылгыбыз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков