Рустам Валеев эл аралык олимпиаданын алтын медалын алды

Рустам Валеев эл аралык олимпиаданын алтын медалын алды

Актөбөлүк таланттуу жигит Рустам Валеев география боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль утуп алды. Бул өлкөдө аталган дисциплина боюнча алгачкы жогорку даражадагы сыйлык. Билим мелдеши соңку бир апта бою Түркияда өттү. Пандемияга байланыштуу катышуучулар онлайн режиминде таймашты. Дүйнө боюнча 46 өлкөдөн арыз берген 200 жаш талапкер мультимедиялык тест тапшырып, картография боюнча өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында өлкөнүн курама командасынын атынан катышкан Актөбөлүк талант эл аралык сынактын жеңүүчүсү болду.

Рустам Валеев, эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү

- Учурда тандоо мүмкүнчүлүгү мол. Жерди, атмосфераны изилдөөгө байланыштуу илимге багытталган географияны дагы негизги адистик кылууга болот. Болбосо, экономикага негизделген предметти тандоо керек деп ойлойм. Ошентип, келечегимди география менен байланыштыргандан кийин, туура тандоо жасашым керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков