Президент Касым-Жомарт Токаев банк иши, микрокаржылык жана инкассация кызматын жөнгө салган мыйзамга кол койду. Документте насыя тарыхы жакшы эмес адамдарга өзгөчө муктаждык болгон учурда банктан карыз алууга мүмкүнчүлүк берген эреже каралган. Эгерде мурун насыя тарыхынын сактоо мөөнөтү 10 жыл болсо, бүгүнкү күндө насыяны төлөп, эми карызы жоктор үчүн бул мөөнөт 5 жылга чейин кыскарат. Мындай чечим менен 500 миң жарандын кара тизмеден чыгуусуна мүмкүндүк берилет.
Муну менен катар, коллекторлордун кызматын жөнгө салган түзөтүүлөр дагы кабыл алынды. Эми коллекторлор насыя алуучуларга башка телефон номерлеринен байланыша алышпайт. Алардын жакындарынын тынчын алууга жол берилбейт. Ал эми байланышка чыккан учурда сөзсүз түрдө аудио/видео жаздыруулар жүргүзүлөт. Микрофинансы уюмдарынын жоопкерчилиги дагы күчөтүлөт. Мисалы, алар келишимдин биринчи барагына насыянын толук суммасын жазууга тийиш. Жарнама түзүүдө жылдык өлчөм-баа жөнүндө маалымат берүү талабы коюлат. Ал эми насыяны 180 күндүн ичинде төлөбөгөндөр үчүн комиссия убактылуу токтотулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков