МАГАТЭ башчысы Казакстандын глобалдык өзөктүк коопсуздуктагы маанилүү ролун баса белгиледи. Бул тууралуу ал МАГАТЭ Башкы конференциясынын 68-сессиясынын алкагында тынчтык атомун өнүктүрүүгө арналган өлкөбүздүн улуттук павильонунун ачылышында билдирди. Рафаэль Гросси Казакстандын бай ресурстары жана анын демилгелери тармактын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле көп жылдык кызматташтыкты эске салып, аз байытылган уран МАГАТЭ банкын анын аймагына жайгаштырууда биздин өлкөнүн ролун белгиледи. Гросси алдыдагы референдумдун маанилүүлүгүн да көңүл сыртында калтырган жок. Агенттик бул маанилүү мезгилде Казакстанды колдоого даяр экенин кошумчалады. Өз кезегинде энергетика министри Алмасадам Саткалиев тогуздун айынын 6сында өтө турган референдум демократиянын принциптерине жооп берерин айтты.
Рафаэль Гросси, МАГАТЭ башкы мүдүрү:
– Сиздин президент айткандай, биз жолукканда Казакстан эли таза өзөктүк энергетиканы камтыган келечекти чечет. Сиз билгендей, биздин агенттиктин көз карашы боюнча, мунун баары аны колдоого байланыштуу. Ар бир программа коопсуздукка жана эл аралык ишенимге муктаж. Ал сиздин иш-аракеттериңизден жана ишиңизден, ошондой эле процесстин жүрүшүндө МАГАТЭнин катышуусунан келип чыгат.
Которгон: Назира Бегалиева