Өндүрүш тармагы, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика жана туризм. Мунун баары Алматы облусунун экономикасын өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнө айланат. Бул тууралуу облустун акими Марат Султангазиев Акордада билдирди. Аны бүгүн мамлекет башчысы кабыл алды. Жетекчи Касым-Жомарт Токаевди облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн динамикасы жана стратегиялык өнүктүрүү долбоору тууралуу маалымат менен тааныштырды.
Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими
- Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоору эки этапта сунушталды: Алар 2025чи жана 2030-жылдар. Инвестицияларды тартуу менен биз бир катар өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып жатабыз. Бул 290 миллиард, айыл чарба тармагына 210 миллиард. 2025-жылга чейин инвестициянын агымы биздин болжолдор менен 1 жарым эсеге көбөйөт.
Жалпысынан облуста 38 медициналык мекеме, 51 мектеп куруу, ошондой эле алдыңкы жогорку окуу жайлардын, колледждердин филиалдарын жана таланттуу балдар үчүн мектеп-лицейлерин ачуу пландалууда. Мындан тышкары, инженердик жана социалдык инфратүзүм каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков