Казакстанда товарларды жеткирүү кезинде кепилдик институтун өнүктүрүү көздөлүүдө

Казакстанда товарларды жеткирүү кезинде кепилдик институтун өнүктүрүү көздөлүүдө

Бул артыкчылыктар бүгүн парламент тарабынан кабыл алынган тиешелүү мыйзамда белгиленген. Документ бажы жол-жоболоруна ылайык келген бирдиктүү экономикалык биримдиктин мейкиндигинде жүктөрдү ташуу үчүн салынган атайын салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздайт. Башкача айтканда, демпингге каршы компенсациялык алымдарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү макулдашылды. Өлкөнүн премьер-министринин орун басары, каржы министри Ерулан Жамаубаевдин айтымында, жакында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен 2025-жылга чейин Биримдиктин өз ара интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары бекитилди.

Ерулан Жамаубаев, Премьер-министрдин орун басары, каржы министри:

Евразия экономикалык биримдигинин келишими бажы чөйрөсүндөгү интеграцияга байланышкан бардык жараяндарды жөнгө салат. Бул келишимде Евразия экономикалык комиссиясы биримдик өлкөлөрүнө тиешелүү 21 бизнес процессти бекиткен. Учурда бул багытта каралган 10 бизнес-процесстин интеграциясы жигердүү жүрүп жатат, дагы беш процесс жүзөгө ашырылуу үстүндө. Евразиялык экономикалык комиссия башка катышуучу өлкөлөр менен биргеликте жылдын аягына чейин калган алтоо боюнча бардык зарыл иштерди бүтүрүшү керек. Башкача айтканда, комиссия келерки жылы комплекстүү интеграциялык процесстерди жүргүзүнүү пландап койгон. Ошондуктан, бардык тиешелүү иш-чаралар 2024-жылы толук аяктайт.

Ерлан Жамаубаевдин айтымында, келишимди ратификациялоо өлкөдө улуттук кепилдик институтун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет жана ата мекендик жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ага ылайык, бул каржы институттары үчүн жеке инвестицияларды тартуу жана биримдиктин ичинде атаандаштык чөйрөсүн түзүү үчүн бурулуш болот. Бүгүнкү күндө аталган документ Арменияда, Беларуста, Кыргызстанда жана Орусияда жактырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков