Казакстанда биринчи жолу Ирбис тик учак үлгүсүндөгү учкучсуз учак чыгарылат. Адистердин айтымында, учак жети килограммга чейин жүк көтөрө алат жана 60 чакырымга чейин жетет. Прототибин түзүү үчүн эки жыл талап кылынды. Бул ата мекендик өндүрүш аскердик, жарандык жана өнөр жай тармактарында иштөөгө арналган. Мындан тышкары, дрондор айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүп, өзгөчө кырдаалдардын масштабына баа бере алат. Жаңы аппараттын мүмкүнчүлүктөрү муну менен эле чектелбейт, дейт өндүрүүчүлөр.
Ратмир Комратов, «Kazakhstan Engineering» УК» АК башкарма төрагасынын кеңешчиси:
- Биринчиден, аппарат айыл чарбага, башкача айтканда, жерди белгилөө, дарыялардын агымын көзөмөлдөө үчүн керек. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги, мамлекеттик күч түзүмдөрү үчүн абдан ыңгайлуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков