Казакстандын кенчилери кошумча салык төлөшөт

Казакстандын кенчилери кошумча салык төлөшөт

Казакстандын кенчилери кошумча салык төлөшөт. Тиешелүү мыйзам ушул жылдын үчтүн айынын 1нен тарта күчүнө кирди. Мындан ары тоо-кен иштетүүчү чарбалардын ээлери криптовалюта платформаларынын иштеши үчүн колдонулган электр энергиясынын ар бир киловатты үчүн 1 теңгеден төлөшөт.

Нурлан Капенов, «Qazaq Green» ЖЭК бирикмеси мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:

- Бүгүнкү күндө Энергетика министрлиги Мамлекет башчысы менен биргеликте туура чечим кабыл алды. Башкача айтканда, туташуу үчүн жаңы техникалык шарттарды берүүнү чектеди. Бирок ушул убакка чейин каттоодон өтүп, салык төлөп, техникалык талаптарга жооп берген чарбалар түзүлүп, инвестиция салууга жана аларга иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Жаңылары үчүн электр жарыгынын жетишпөөчүлүгүнө байланыштуу кошулууга мүмкүн эмес, бирок бул аягы эмес, алар үчүн кошулуу мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, алар электр энергиясын башка коңшу өлкөлөрдөн импорттоого даяр болсо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков