Казакстан Пакистанга колдоо көрсөтөт. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өкмөт Ислам Республикасына 400 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам жөнөтөт. Ал көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген нөшөрлөгөн жамгырдын жана селдин кесепеттерин жоюуга жумшалат. Расмий маалыматтарга караганда, Пакистанда жаратылыш кырсыктарынан 1030дан ашуун адам каза болуп, турак-жай имараттары жана инфратүзүм талкаланган. 35 миллионго жакын адам үй-жайсыз жана тамак-ашсыз калды. Эске салсак, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф эл аралык коомчулуктан жардам сураган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков