Лянги чыгарган цех

Лянги чыгарган цех

Бүгүнкү күндө ал Актау шаарында спорттук шаймандарды чыгара баштады. Суроо-талап да жогору. Алтургай Өзбекстандан, Орусиядан буйрутмалар түшкөн. Азыр цех суткасына миң даана жушан чыгарат. Бирок бул суроо-талапты канааттандыруу үчүн жетишсиз. Ошондуктан көрсөткүчтү жогорулатуу пландары бар. Лянгиге арналган чийки зат өлкөнүн бардык аймактарынан жеткирилет. Эң негизгиси койдун териси жук болушу кажет. Жүнүн кыркып жатканда терисин кесип албоо үчүн этияттык талап кылынат. Андан кийин териге болоттон жасалган металл топчу бекитилет.

Ануар Шайхымов, ишкер:

- Азыр биздин өнүмдөр жогорку сапатта болуп, чоң суроо-талапка ээ. Биздин өнүмдөр Казакстандын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерде да бар. Учурда биздин кубаттуулугубуз суткасына миң жушан чыгарууга жетет. Бирок азыркы талапка жараша кубаттуулукту беш миңге жеткирели деген пландарыбыз бар.

Оюндун эрежелери жөнөкөй - Лянгини тээп, жерге түшүрүп албоо керек. Түшүрүп алган учурда, кезек кийинки оюнчуга берилет.

Роман Оразымбетов, облусттук аралаш уруш бирикмесинин президенти:

- Бүткүл өмүрүмдү спортту өнүктүрүүгө арнаган машыктыруучу катары баса белгилеп кетким келет, жушан ден соолук үчүн пайдалуу. Адамда чыдамкайлыкты, ылдамдыкты жогорулатат, көрүүнү жакшыртат. Бештин айынын 13нөн 16на чейинки   аралыкта облустун бардык мектеп мугалимдеринин арасында лангиден сынак өткөрүлдү. Эми үчтүн айында спорттун аталган түрү боюнча Гран-при өткөрүүнү пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков