Бир түп сөксөөл 4 тонна кумду токтотууга күчү жетет. Ошондой эле жаныбарлар менен канаттуулар үчүн баш калкалоочу жай болуп, топурактын асылдуулугун жогорулатат. Чөлгө каршы күрөшүү максатында Түркестан облусунун корукчулары бул өсүмдүктүн аянтын көбөйтүүдө. Маселен, өткөн жылы Кызылкум чөлүндөгү «Байыркум» токой чарбасы тарабынан 3600 гектар жерге сөксөөл уруктары себилди. Натыйжада чөлдүү аймакта кум көчкү токтоп, кызыл китепке кирген канаттуулардын саны көбөйгөн.
Багдат Кыркынбай, «Байыркум» токой чарбасы башчысынын жардамчысы:
- Чарба кожолуктарына жана айрым адамдардын малына күндүн ысыгынан баш калкалоочу жай жана көлөкө болот.
Абзал Рахымов, «Отырар токой жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо» ММ мүдүрүнүн орун басары:
- Биз негизинен кум жылып жаткан жерлерди тандайбыз. Алгач жер кыртышын талдоодон өткөрөбүз, эгер сөксөөл өстүрүүгө ылайыктуу болсо, анда отургузабыз. Муну биз үзгүлтүксүз жасайбыз.
Адистер аймактын экологиясынын жакшырышын сөксөөл өрөөнүнүн көбөйүшү менен байланыштырышат. Эми өсүмдүктү сактап калуу үчүн күзгү өрт коопсуздугун алдын алуу иштерине кызуу даярдык көрүлө баштайт. Бул үчүн облуста 9 станция орнотулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков