Казакстандык спортчулар Токио олимпиадасына 96 жолдомо алды

Казакстандык спортчулар Токио олимпиадасына 96 жолдомо алды

Токио олимпиадасына катышуучу улуттук курама түзүлдү. Жебеден жаа атуу боюнча акыркы 20 жылда биринчи жолу Казакстандык үч жаачы Олимпиадалык оюндарда командалык мелдештерге катышат. Буга кошумча, 2004-жылы Афинада өткөн Дүйнөлүк мелдештерден кийин биринчи жолу ата мекендик үч вело ышкыбоз топтук жарышта күч сынайт. Ошондой эле, Олимпиада тарыхында биринчи жолу трекк велосипед тебүү боюнча 3 жолдомо берилди.

Улуттук олимпиада комитетинин билдиришинче, Казакстан биринчи жолу олимпиада программасына кирген жаңы спорттук аскага чыгуу жана каратэден күч сынашат. Жалпысынан, казакстандык спортчулар спорттун 27 түрү боюнча Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарына 96 жолдомо утуп алышты. Уллутук курама команданын акыркы жана так тизмеси теке айынын 5нен кийин белгилүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков