Казакстандыктар «Жибек жолу» Эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратурада билим ала алышат. Самаркандда жайгашкан жогорку окуу жайы студенттерге грант бөлдү. Азыркы кезде аталган окуу жайда 80ге жакын чет элдик жарандар билим алууда. Алардын бешөө Казакстандан. Белгилей кетсек, сабактар англис тилинде гана өткөрүлөт. Буга кошумча бул - Борбор Азия боюнча туризм тармагына негизделген жалгыз окуу жай болуп саналат.
Ирина Мухамедназарова, «Жибек жолу» эл аралык туризм университетинин бөлүм башчысы:
- Өткөн жылы президентибиз чет өлкөлүк жарандарга университетибиздин магистратурасында билим алуу үчүн 85 грант бөлгөн. Бизде бир жылдык магистратура бар. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Учурда аталган өлкөлөрдөн 78 студент магистратурада билим алууда. Кабыл алуу дагы да улантылат. Казакстандын жарандары үчтүн айынын 10на чейин документтерин тапшыра алышат. 5 грант бөлүнгөн. Стипендия 500 доллар өлчөмүндө. Ошондой эле кошумча шыктандыруу каралган. Башкача айтканда, окуу акысына 100 доллар, Өзбекстанга кыдырууга 200 доллар төлөйбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков